Түркиянын 2023 - жылдагы экспорту

Соода министрлиги жана Түркиянын статистикалык мекемеси менен биргеликте түзүлгөн өткөн жылдын декабрь айына жана жалпы 2023 - жылга карата убактылуу тышкы соода маалыматтары жарыяланды.

2095602
Түркиянын 2023 -  жылдагы экспорту

Түркиянын экспорту 2023 -  жылы андан мурдагы бир  жылга салыштырмалуу 0,6 пайыз өсүп,  255 миллиард 777 миллион долларга жетти, импорту 0,5 пайызга азайып 361 миллиард 774 миллион доллар болду.

Соода министрлиги жана Түркиянын статистикалык мекемеси менен биргеликте түзүлгөн өткөн жылдын декабрь айына жана жалпы 2023 - жылга карата убактылуу тышкы соода маалыматтары жарыяланды.

Буга ылайык, Жалпы соода системасынын (GTS) алкагында экспорт 2023 - жылдын декабрь айында андан мурдагы ошол эле  айга салыштырмалуу 0,4 пайызга өсүп 23 миллиард долларга, импорт болсо 11 пайызга азайып 29 миллиард 39 миллион долларга жетти.
Тышкы соода тартыштыгы 2023 - жылдын декабрь айында 37,8 пайызга азайып, 9 миллиард 713 миллион доллардан 6 миллиард 39 миллион долларга түштү.

Экспорттун импортту жабуу катнашы 2022 -  жылы декабрь айында 70,2 пайыз болгон болсо, өткөн  айда 79, 2 пайыз болуп катталды.

Экспорт 2023 -  жылы андан мурдагы жылга караганда  0,6 пайызна өсүп 255 миллиард  777 миллион долларга чыкса, экспорт  0,5 пайызга азайып 361 миллиард  774 миллион долларга түштү. 

Тышкы соода дефицити өткөн жылы 3,2 пайызга азайып 105 миллиард 997 миллион долларга жетти.

Экспорттун импортту жабуу катышы 2022 - жылы  69,9 пайыз болгон болсо  өткөн жылы  70,7 пайызга өстү.

 



Тектеш кабарлар