Россия Түркиядан 1,5 миллион жумуртка импорттоду

Россиянын азык - түлүк коопсуздугу боюнча мекемесинин билдирүүсүндө Түркиядан бүгүн  19 тонна салмактагы 316 миң 800 жумуртка импорттолгондугу белгиленди.

2093521
Россия Түркиядан  1,5 миллион жумуртка импорттоду

Жылдын башынан бери Россия  Түркиядан 1,5 миллион жумуртка импорттогондугу билдирилди. 

Россиянын азык - түлүк коопсуздугу боюнча мекемесинин билдирүүсүндө Түркиядан бүгүн  19 тонна салмактагы 316 миң 800 жумуртка импорттолгондугу белгиленди.

Билдирүүдө Түркиядан жылдын башынан бери импорттолгон жумуртка көлөмүнүн 1,5 миллионго жеткендиги маалымдалды.

Орус өкмөтү өлкөдө ылдам арткан жумуртка бааларынан улам 1 - январдан 1 - июнга чейин Россияга 1,2 миллиард  жумуртканын  салыксыз импорт толушуна  уруксат берген.



Тектеш кабарлар