Түркиянын экспорту эң көп арткан өлкө Бириккен Араб Эмираттары

Өткөн жылы Бириккен Араб Эмираттары 5 миллиард 915 миллион доллар менен Түркия эң көп экспорт кылган 11 - өлкө болду.

2089466
Түркиянын экспорту эң көп арткан өлкө Бириккен Араб Эмираттары

Түркиянын экспорту өткөн жылы нарк жагынан эң көп өскөн өлкө Бириккен Араб Эмираттары  болду.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын  маалыматына караганда, Түркиянын экспорту өткөн жылы нарк жагынан эң көп өскөн өлкөлөрдүн арасында 2 миллиард 269 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмираттары  алдыга чыкты.

Бириккен Араб Эмираттарынан кийин  1 миллиард 776 миллион доллар менен Россия Федерациясы, 1 миллиард 325 миллион доллар менен Сауд Арабия, 889 миллион доллар менен Франция, 606 миллион доллар менен Алжир келди. 

Түркия 2023 - жылы  Россия Федерациясына 9 миллиард 424 миллион доллар, Сауд Арабияга 2 миллиард 274 миллион доллар, Францияга 9 миллиард 736 миллион доллар, Алжирге 2 миллиард 518 миллион доллар экспорт жасаган.

Өткөн жылы Бириккен Араб Эмираттары 5 миллиард 915 миллион доллар менен Түркия эң көп экспорт кылган 11 - өлкө болду.

Түркия 2023 - жылы эң көп экспорт кылган өлкөлөр: 18 миллиард 462 миллион доллар менен Германия, 12 миллиард 197 миллион доллар менен АКШ, 11 миллиард 444 миллион доллар менен Улуу Британия, 11 миллиард 200 миллион доллар менен Италия жана 9 миллиард  755 миллион доллар менен Ирак болуп тизмеленди.

Зергерчилик өнөр жайы 3 миллиард 205 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмираттарына эң көп экспорт жасады.

Өлкөгө химиялык заттар жана продуктылар сектору 263 миллион доллар, дан, буурчак, май өсүмдүктөрү жана алардан алынган азыктар 222 миллион доллар, электр жана электроника 215 миллион доллар, суу жана жаныбарлардан алынган азыктар 190 миллион долларлык продукция сатты.

 

 



Тектеш кабарлар