Түркиядан Орусияга жумуртка экспорттоо

Россельхознадзордун 3-январдагы билдирүүсүндө, Түркиядан импорттолгон ушундай эле көлөмдөгү жумуртканын биринчи бөлүгүнүн Орусияга жеткени маалымдалган.

2086380
Түркиядан Орусияга жумуртка экспорттоо

Түркиядан импорттолгон жумуртканын экинчи бөлүгүнүн да Орусияга жеткени маалым болду.

Орусиянын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча башкармалыгынын (Россельхознадзор) билдирүүсүндө, Түркиядан импорттолгон жумурткалардын өлкөнүн түштүгүндөгү «Яраг-Казмаляр» пунктунан 5-январда өлкөгө киргени белгиленди.

Билдирүүдө жалпы салмагы 19,3 тонна болгон 316 миң 800 даана жумуртканын таратыла башталары айтылды.

Россельхознадзордун 3-январдагы билдирүүсүндө, Түркиядан импорттолгон ушундай эле көлөмдөгү жумуртканын биринчи бөлүгүнүн Орусияга жеткени маалымдалган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 14-декабрда өлкөдө жумуртканын баасынын жогорулашына көңүл буруп: «Түркиядан кошумча импорт сунушталууда. (Түркия менен) Айыл чарба тармагы баш болгон экономикалык байланыштарыбыз жакшы өнүгүп жатат» деген эле.

Орусиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев да Түркиядан кыска убакытта бажы төлөмү жок жумуртка алып келе тургандарын айткан.

Орус өкмөтү 1-январдан 1-июнга чейин 1,2 миллиард жумуртканы салыксыз импорттого уруксат берген.



Тектеш кабарлар