Антальяга аба жолу аркылуу келген туристтердин саны 16 миллиондон ашты

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда дүйнөнүн эң сүйүктүү туризм борборлорунун бири болгон Анталья өткөн жылы туризмде бардык убакыттардын рекордун жаңыртты.

2086215
Антальяга аба жолу аркылуу келген туристтердин саны 16 миллиондон ашты

Антальяга 2023-жылы аба жолу менен 16 миллион 84 миң 737 турист келди.

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда дүйнөнүн эң сүйүктүү туризм борборлорунун бири болгон Анталья өткөн жылы туризмде бардык убакыттардын рекордун жаңыртты.

2023-жылы Антальяга эл аралык каттамдардан 15 миллион 689 миң 258 турист, башка аэропорттордон трансфер менен 395 миң 479 жүргүнчү келген.

Ошентип 2023-жылы Антальяга аба жолу менен 16 миллион 84 миң 737 турист келди.

Атайын өлкөлөрдү караганыбызда Антальяга эң көп турист келген өлкө Орусия болду.

Орусиядан кийин Германия, Англия, Польша, Нидерландия, Казакстан, Румыния, Чехия, Израиль жана Украина орун алды.



Тектеш кабарлар