Кападокияда турист рекорду
Невшехир губернатору Али Фидан 2023-жылдын аймактык туризм жагынан ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, 2024-жылы да туристтердин кызыгуусунун артаарына ишенгенин айтты.
Кападокияда өткөн жылы кабыл алынган 4 миллион 826 миң 662 жергиликтүү жана чет элдик турист менен бардык убакыттардын рекорду жаңыланды.
Невшехир губернатору Али Фидан 2023-жылдын аймактык туризм жагынан ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, 2024-жылы да туристтердин кызыгуусунун артаарына ишенгенин айтты.
Кападокиянын кең аймагы жана теңдешсиз кооздуктары менен тартуу борбору болуусун улантып жатканын баса белгилеген Фидан сөзүн мындайча улантты:
«Табигый кооздуктары, тарыхый жана маданий баалуулуктары менен Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Кападокия аймагы жана облусубуз, жыл сайын миллиондогон жергиликтүү жана чет элдик конокторду кабыл алууда. Бул жагынан алганда облусубуз өлкөбүздүн таанытылышы жана экономикасына маанилүү салым кошууда. Туризм тармагы облусубуздун бакубаттуулугу жана жумуштуулук жагынан да маанилүү роль ойнойт. Туристтердин санынын 2023-жылы 4 миллион 826 миң 662ге жетээрин көрүп жатабыз. Бул бардык убактагы эң жогорку көрсөткүч жана рекорд».
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.