Түркиядан импорттолгон жумурткалар Орусияга жетти

Билдирүүдө 19,3 тонна салмактагы 316 миң 800 даана жумуртканын таратыла башталары айтылды.

2083751
Түркиядан импорттолгон жумурткалар Орусияга жетти

Түркиядан импорттолгон жумурткалардын биринчи бөлүгүнүн Орусияга жеткени маалым болду.

Орусиянын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мекемесинин (Россельхознадзор) билдирүүсүндө, Түркиядан импорттолгон жумурткалардын өлкөнүн түштүгүндөгү «Яраг-Казмаляр» пунктунан киргени белгиленди.

Билдирүүдө 19,3 тонна салмактагы 316 миң 800 даана жумуртканын таратыла башталары айтылды.

Орус президенти Владимир Путин 14-декабрда өлкөдө жумуртканын баасынын жогорулашына токтолуп: «Түркиядан кошумча импорт сунушталууда. (Түркия менен) Айыл чарба тармагы баш болгон экономикалык байланыштарыбыз жакшы өнүгүп жатат» деген эле.

Орусиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев да Түркиядан кыска убакытта салыксыз жумуртка импорттой тургандарын айткан.



Тектеш кабарлар