"Astoria Grande" круиздик кемеси Амасрада

2023 -  жылы жасалган круиздик каттамдар менен районго  16 миң  974 орус турист келди.

2083645
"Astoria Grande"  круиздик кемеси Амасрада

"Astoria Grande" круиздик кемеси 1082 жүргүнчү жана 426 экипажы менен 2024 - жылдын биринчи сапарын Бартындын жээк шаары  Амасра шаарына жасады.

2023 -  жылы жасалган круиздик каттамдар менен районго  16 миң  974 орус турист келди. 

Жаратылышы, булуңдары, таза куму жана толкундуу деңизи менен билинген туристтик районго биринчи жолу 2022 -  жылы 3 -  августта  327 жүргүнчү менен келген круиздик кеме  "Astoria Grande" ушул кезге чейин  34 жолу портко келди.

2022 - жылы 5 миң 183 жүргүнчү жана 3 миң 840 экипаж менен жалпы 9 каттам  менен портко келген кеме, 2023-жылы 24 каттам менен районго 16 миң 974 жүргүнчү жана 10 миң 282 экипаж ташыган.

Бул жылдын биринчи каттамында  1082 жүргүнчү жана  426 экипаж менен Россиядан жолго чыгып, Стамбул аркылуу Амасра портуна келген круиздик кеме жүргүнчүлөрүнө порттон чыгышында  орус тилиндеги брошюралар таратылды. Туристтер  андан кийин райондогу тарыхый жана туристтик жерлерди көрүү үчүн порттон чыгышты. 

Туристтердин Амасра музейи, Чекижилер базары,  Чоң порт, Амасра чеби  жана Кемере көпүрөсүндө убакыт өткөрүшсө, кээ бирлери туристтик автобустар менен Карабүктүн БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган тарыхый сарайлары менен таанымалСафранболу районуна барышты. 

 



Тектеш кабарлар