Экономикалык ишеним индекси өстү
Экономикалык ишеним индекси декабрь айында айлык базада 1,1 пайызга өсүп 96,4кө жетти.
Экономикалык ишеним индекси декабрь айында айлык базада 1,1 пайызга өсүп 96,4кө жетти.
Түркиянын статистика мекемеси декабрь айынын экономикалык ишеним индексинин маалыматын жарыялады.
Ушуга караганда индекс ноябрь айында 95, 3 пайыз болгон болсо, декабрь айында 1,1 пайызга өсүп 96,4 болду.
Керектөөчү ишеним индекси да декабрь айында айлык базада 2,6 пайызга өсүп 77,4кө жетти.
Ушул эле мезгилде реалдуу сектордун ишеним индекси 0,5 пайызга төмөндөп, 103,4 болду.
Кызмат секторунун ишеним индекси 1,2 пайызга өсүп 112,3 пайызга жетти.
Чекене соода секторунун ишеним индекси 4,5 пайызга өсүп 116,8ге, курулуш секторунун ишеним индекси 3,3 пайызга төмөндөп 88ге жетти.
Тектеш кабарлар
Түрк лососунун экспорту өстү
Саффет Калёнжу, аймактан 19 өлкөгө 8 миң 633 тонна түрк лосось балыгы экспорттолгондугун айтты.