Эржиес лыжа борборунда сезон ачылды

Сезон 19 механикалык объекти жана 40тан ашуун аянты менен жергиликтүү жана чет элдик лыжа сүйүүчүлөр тандаган борбор Текир Капыда башталды.

2079883
Эржиес лыжа борборунда сезон ачылды

Түркиянын негизги кышкы туризм борборлорунун бири болгон Кайсеридеги Эржиес лыжа борборунда сезон ачылды.

Сезон 19 механикалык объекти жана 40тан ашуун аянты менен жергиликтүү жана чет элдик лыжа сүйүүчүлөр тандаган борбор Текир Капыда башталды.

Кайсери Эржиес акционердик коомунун  башкы директору Зафер Акшехирлиоглу сезонду бүгүндөн баштап баштагандарын айтты.

Акшехирлиоглу  жалпы Түркияда кар жетишсиз жааганына карабастан, мэриянын күчтүү структурасы  менен жасалма кар жадыруу менен Текир Капы аянтын ачкандарын,  мындан ары башка жолдорду да ача тургандарын белгиледи. 

Жаңы жыл үчүн ар кандай иш-чараларды даярдашкандарын айткан Акшехирлиоглу : "Мейманканаларбыздын  толушу абдан жакшы. Конокторубуз кызыга баштады, биз 90 пайыздан аштык. Жакында эле жамгыр жаап, сезондун башталышы менен толуу 100 пайызга жетти. Быйыл чартердик каттамдары  Чехиядан да болот. Андан башка  Латын Америка өлкөлөрү,  Индонезия, Малайзия топтору да Эржиеске өзгөчө кызыгууда»,- деди.

Лыжа инструктору Вейсел Дегирменжи да адамдардын кышкы туризмди сагынганын белгилеп : "Бүгүн мексикалыктарга лыжа тебүүнү үйрөттүм. Эржиести жактыргандардын арасында индонезиялыктар, тунистиктер жана малайзиялыктар бар", - деди.

 



Тектеш кабарлар