Деңиз үлүлүнүн экспорту

Гүрдоган Түркиядан 10 өлкөгө деңиз үлүлү сатылганын билдирди.

2077945
Деңиз үлүлүнүн экспорту

Түркиянын 11 айлык деңиз үлүлү экспорту 20,5 миллион доллардан ашты.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, январь-ноябрь айларында Түркиядан 1873 тонна деңиз үлүлү экспорттолгондугун айтты.

Аталган экспорттон 20 миллион 555 миң 659 долларлык киреше түшкөнүн билдирген Гүрдоган: «Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 1836 тоннадан 15 миллион 478 миң 635 долларлык киреше алынган. Буга ылайык Түркиянын 11 айлык деңиз үлүлү экспорту сан жагынан 2, кирешеде 33 пайызга өстү»,- деди.

Бул мезгилде Түркиядан 10 өлкөгө деңиз үлүлү сатылганын белгилеген Гүрдоган: «Түштүк Корея Республикасы 10 миллион 507 миң 780 доллар менен эң көп деңиз үлүлү экспорттолгон өлкө болду. Бул өлкөдөн кийин 3 миллион 339 миң 944 доллар менен Кытай Эл Республикасы, 2 миллион 710 миң 11 доллар менен Испания турат. Былтыркыдан айырмаланып бул мезгилде Украина, Румыния, Азербайжан менен Түндүк Кипр Түрк Республикасына да деңиз үлүлү сатылды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар