Министр Шимшек Испанияда жолугушууларды өткөрөт

Шимшекти Борбордук банктын төрагасы Хафизе Гайе Эркан коштойт.

2076441
Министр Шимшек Испанияда жолугушууларды өткөрөт

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин инвестициялык сапары уланууда.

Шимшек бүгүн жана эртең Европа Биримдигинин (ЕБ) кезектешкен төрагалыгын жүргүзүп жаткан Испанияда жолугушууларды өткөрөт.

Шимшекти Борбордук банктын төрагасы Хафизе Гайе Эркан коштойт.

Шимшек менен Эркан, жалпы жүгүртүүсү 600 миллиард евродон ашкан Испанияда жайгашкан 80ден ашуун дүйнөлүк фирманын жогорку даражалуу жетекчилери менен жолугушуп, 2 триллион долларды башкарган 30дан ашуун банк жана фонд жетекчилери менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

Эки күнгө созула турган сапарда Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүк процессине жаңы дем берери да күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар