Ноябрь айында экспортто рекордго жетишилди
Соода министри Өмер Болат ноябрь айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Түркиянын экспорту ноябрь айында өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 5,2 пайыз өсүп 23 миллиард 11 миллион долларга жетти.
Соода министри Өмер Болат ноябрь айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Министр Болат билдирүүсүндө буларды билдирди :"Ноябрь айында экспортубуз өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 5,2 пайызга өсүп, 23 миллиард 11 миллион долларга жетти. Ушындайча июль, август, сентябрь жана октябрь айларында болгондой тарыхыбыздагы эң жогорку экспорт рекордун жаңырттык.
Январдан ноябрь айына чейинки 11 айда экспортубуз 232 миллиард 900 миллион доллар, башкача айтканда, болжол менен 233 миллиард доллар болду. Бул өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу 0,7 пайызга туура келет. Акыркы 12 айды караганыбызда 0,9 пайыздык өсүү менен 255 миллиард 800 миллион долларга жеттик»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.