Түркиянын Жакынкы Чыгыш жана Булуң аймактарына экспортунда өсүш

Түрк экспортчулар ассамблеясы (TIM) маалымат берди.

2069304
Түркиянын Жакынкы Чыгыш жана Булуң аймактарына экспортунда өсүш

Түркиянын Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңу өлкөлөрүнө экспорту январь-октябрь айларында 26,7 миллиард долларга жетти.

Түрк экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Палестина, Ирак, Иран, Израиль, Катар, Кувейт, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Ливан, Сирия, Сауд Арабия, Оман, Иордания жана Йеменден турган Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңу өлкөлөрүнө экспорт жылдын 10 айында 26,7 миллиард долларды түздү.

Январь-октябрь айларында Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңу өлкөлөрүнүн ичинен эң көп экспорт 7,7 миллиард доллар менен Иракка жасалды. Ирактан кийин 4,4 миллиард доллардан БАЭ жана Израиль, 2 миллиард доллар менен Иран, 1,8 миллиард доллар менен Сауд Арабия ээледи.

Ошол эле мезгилде Түндүк Кипр Түрк Республикасына 1,3 миллиард доллар, Сирия жана Ливанга 1,1 миллиард доллар, Йеменге 716 миллион доллар, Катарга 591,6 миллион доллар, Иорданияга 579,8 миллион доллар, Кувейтке 454,8 миллион доллар, Иорданияга 579,8 миллион доллар, Кувейтке 454,8 миллион доллар, Оманга 248,1 миллион доллар, Бахрейнге 122,9 миллион доллар жана Палестинага 103,9 миллион долларлык экспорт ишке ашты. 

Ошентип январь-октябрь айларынын эң жогорку экспорту Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Палестинага жасалган болду.

Жылдын биринчи 10 айында Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңу аймагына эң көп экспортту ар бири 3,7 миллиард доллар менен «дан эгиндери, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктары» менен «химиялык заттар жана өнүмдөрү» секторлору ишке ашырды.



Тектеш кабарлар