Пикассонун картинасы 139,4 миллион долларга сатылды

Билдирүүдө: «Бул быйылкы жылы аукциондо сатылган эң баалуу эмгек болду», - деп айтылды.

2062583
Пикассонун картинасы 139,4 миллион долларга сатылды

Белгилүү испаниялык сүрөтчү, скульптор, драматург жана акын Пабло Пикассонун «Саатчан аял» («Femme a la montre») аттуу майлуу боек сүрөтү 139,4 миллион долларга сатылды.

Sotheby's аукцион үйү Пабло Пикассонун «Femme a la montre» (1932) атууу шедевринин 139,4 миллион долларга сатылганын жарыялады. Билдирүүдө: «Бул быйылкы жылы аукциондо сатылган эң баалуу эмгек болду», - деп айтылды.

Sotheby's аукцион үйү бул сүрөттү көркөм коллекционер Эмили Фишер Ландауга таандык коллекциянын бир бөлүгү катары аукционго койду. Ландаунун картинаны 1968-жылы сатып алганы маалымдалды.

20-кылымдын сүрөтчүлөрүнүн бири Пабло Пикассо (1881-1973) "Саатчан аял" аттуу чыгармасында өзүнүн сүйүктүүсү Мари-Терезе Уолтердин сүрөтүн тарткан.



Тектеш кабарлар