Стамбулга келген чет элдик туристтердин саны

Стамбулга сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 1,55 пайыздык өсүү менен 1 миллион 631 миң 963 чет элдик турист келди.

2060911
Стамбулга келген чет элдик туристтердин саны

Стамбул жылдын 9 айында 13 миллион 156 миң 209 чет элдик туристти кабыл алды.

Маданият жана туризм министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Стамбулга сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 1,55 пайыздык өсүү менен 1 миллион 631 миң 963 чет элдик турист келди.

Сентябрь айында Стамбулга эң көп келген чет элдик туристтер 168 миң 925 киши менен орустар болду.

Орусиядан кийин 119 миң 681 киши менен Германия экинчи, Иран 111 миң 688 киши менен үчүнчү, АКШ 87 миң 670 киши менен төртүнчү орунду ээледи.

Бул өлкөлөрдөн кийин 64 миң 980 киши менен Англия жана 46 миң 547 киши менен Франция турат.

Араб өлкөлөрүнөн сентябрь айында Стамбулга келген чет элдик зыяратчылардын саны боюнча Ирак биринчи, Сауд Арабия экинчи, Алжир үчүнчү, Марокко төртүнчү болду.

Мароккодон кийин Иордания, Египет, Ливия жана Кувейт орун алды.

Жылдын 9 айында Стамбулга келгендердин саны болсо 13 миллион 156 миң 209га жетти.



Тектеш кабарлар