Антальяга келген туристтердин саны
Каан Кавалоглу билдирүү жасады.
2055825
Антальяга келген туристтердин саны кечээтен тарта 14,5 миллиондон ашты.
Жер Ортолук деңиз туристтик отелчилер жана операторлор ассоциациясынын жетекчиси Каан Кавалоглу билдирүүсүндө: "Анталияга келген туристтердин саны 14 миллион 500 миң кишиден ашты. Анталья 2022-жылдын тийиштүү мезгилинде 11 миллион кишини кабыл алган, 2019-жылдын рекорддук жылына салыштырмалуу дээрлик бирдей деңгээлдебиз",- деди.
Кавалоглу шаарга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында Орусия биринчи, Германия экинчи, Британия үчүнчү орунда экенин айтты.