Министр Уралоглу Иракта...

Расмий жолугушуулар үчүн Ирактын борбор шаары Багдадга барган Уралоглу ирактык кесиптеши Эс-Садави менен жолугушту.

2044493
Министр Уралоглу Иракта...

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Иракта кесиптеши Реззак Мухейбес эс-Садави менен «Өнүгүү жолу» долбоорун талкуулады.

Расмий жолугушуулар үчүн Ирактын борбор шаары Багдадга барган Уралоглу ирактык кесиптеши Эс-Садави менен жолугушту.

Уралоглу жолугушууда Түркия жана Ирак үчүн эмес бүткүл аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон «Өнүгүү жолу» долбоору темасында маанилүү чечимдердин кабыл алынганын жана жол картасынын аныкталганын айтты.

Уралоглу:«Өнүгүү жолу» долбооруна катышууну каалаган башка өлкөлөр менен кызматташууга ачыкпыз»,- деди.

Эс-Садави ошондой эле Ирактын премьер-министри Мухаммад Шиа аль-Судани долбоордун процедураларын эки айдын ичинде бүтүрүү тапшырмасын бергенин баса белгиледи.

«Өнүгүү жолу» долбоору Түркияны Перс булуңундагы Фау портуна 1200 километр темир жана автожол менен байланыштырат.

Жаңы Жибек жолу деп белгиленген долбоор Европадан Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин кеңири аймак үчүн пайдалуу болот.



Тектеш кабарлар