Бодрумга круиздик кеме менен 2459 турист келди
Родос портунан кийин багытын Бодрумга бурган 294 метрлик гигант круиздик кеме Бодрум круиз портунун пристанына келди.
Багам аралдарынын желеги илинген "Norwegian Jade" аттуу круиздик кемеси Мугланын Бодрум районуна келип токтоду.
Родос портунан кийин багытын Бодрумга бурган 294 метрлик гигант круиздик кеме Бодрум круиз портунун пристанына келди.
Кемеде 2 миң 459 жүргүнчү жана 1 миң 29 кызматкердин бар экендиги, туристтердин көпчүлүгүнүн америкалык жана канадалыктар экендиги билдирилди.
Бажы процедурасынан кийин кемеден чыккан туристтер жээкти бойлой сейилдеп, базарда соода кылышты.
Бир тараптан Багам аралдарынын желеги илинген 110 метр узундуктагы "Emerald Sakara" аттуу люкс яхта Кушадасынан келип, портко якорь таштады.
Яхтада 92 жүргүнчү жана 76 кызматкер бар.
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.