Түркиянын машина экспортундагы өсүү

Түркиянын машина экспорту жылдын биринчи 8 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,1 пайыз өсүп 18,6 миллиард долларга жетти.

2041263
Түркиянын машина экспортундагы өсүү

Түркиянын машина экспорту жылдын биринчи 8 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,1 пайыз өсүп 18,6 миллиард долларга жетти.

Машина экспорттоочулар бирикмесинин  билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын январь - июль айларында эркин зоналар киргизилип, машина өндүрүшүнүн экспорту 18,6 миллиард долларга жетти.

Машина экспорттоочулар бирикмесинин  төрагасы Кутлу Каравелиоглу өнүккөн өлкөлөрдүн машина өндүрүшү кыскарган биринчи жарым жылдыкта Түркиянын өндүрүшүнүн 9,7 пайызга өскөндүгүн белгилеп :  «Бүткүл дүйнөдө каржыга жетүүнүн кыйындагандыгы жана инвестициялык чыгымдар ишканалардын табитин азайткан бул чөйрөдө, экспортубузду көбөйтүүнүн жаңы жолдорун издейбиз»,- деди. 

Каравелиоглу Түркияда машина жана жабдык инвестицияларынын көбөйгөнүнө көңүл буруп, бул артуунун өсүү маалыматтары жагынан оң экендигин айтты. 



Тектеш кабарлар