Кападокияга 3 миллиондон ашуун турист келди

Невшехир Кападокиядагы музейлер жана урандылар январь - август мезгилинде 3 миллион 53 миң 827 туристти кабыл алды.

2033772
Кападокияга 3 миллиондон ашуун турист келди

Түркиянын негизги туризм аймактарынын бири болгон Невшехир Кападокиядагы музейлер жана урандылар январь - август мезгилинде 3 миллион 53 миң 827 туристти кабыл алды.

Губернатордуктан берилген маалыматка караганда пери морулары, ысык аба шарлары, жер астындагы шаарлары, аскадан оюлган мейманкана жана чиркөөлөрү менен белгилүү Кападокия аймагындагы борборлорду 3 миллион 53 миң 827 жергиликтүү жана чет элдик турист кыдырды.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгына караштуу музейлердин арасында Хажыбекташ Вели музейи 285 миң 200 киши менен эң көп көрүлгөн  жер болду.

Зелве урандыларын 109 миң 14 жергиликтүү жана чет элдик турист, Гөреме ачык асман музейин 100 миң 565 турист кыдырды.

Аймакта кыдырлган борборлор өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 2 миллион 544 миң 909 жергиликтүү жана чет элдик туристти кабыл алган.



Тектеш кабарлар