Түркиянын кургатылган жемиш экспорту 1,1 миллиард долларга жетти

Бул тууралуу Эгей кургатылган мөмө-жемиштер жана өнүмдөрүн экспортчулар бирикмесинин төрагасы Мехмет Али Ышык маалымат берди.

2029683
Түркиянын кургатылган жемиш экспорту 1,1 миллиард долларга жетти

Түркиянын кургатылган мөмө жана азык-түлүк экспорту быйыл 1 миллиард 103 миллион долларды түздү.

Эгей кургатылган мөмө-жемиштер жана өнүмдөрүн экспортчулар бирикмесинин төрагасы Мехмет Али Ышык, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун ден-соолукка пайдалуу азыктар тизмесине кирген кургатылган инжир, мейиз жана кургатылган өрүк боюнча Түркиянын азыркыга чейин дүйнөдө эң алдыңкы өлкө экенин белгиледи. 

Эгей экспортчулар бирикмелеринин маалыматына караганда 19-августка карата сөз болуп жаткан өнүмдөрдүн экспортунун мурунку сезонго салыштырмалуу 5 пайызга өсүү менен 1 миллиард 103 миллион долларга жеткенине көңүл бурган Ышык, Түркиянын 2022-2023-сезонунда эң көп өрүктү АКШга экспорттогонун, бул өлкөгө кургатылган өрүк экспортунун 26 пайызга өсүп 72 миллион долларга жеткенин белгиледи.

Ышык Франциянын 13 пайыздык өсүү менен 40 миллион доллар кургатылган өрүк экспорту менен экинчи орунду алганын белгилеп: «Германия 14 пайыздык өсүү менен 33 миллион долларлык түрк өрүгүн талап кылды. Улуу Британия 104 миллион долларлык экспорт менен уруксуз мейиз экспортунда биринчилик позициясын сактаса, Германияга 55 миллион доллардык мейиз экспорттолду.

Үчүнчү орунда Нидерландия 25 пайыздык өсүү менен 50 миллион долларга мейиз алды. АКШ 23 пайыздык өсүү менен 38 миллион долларлык кургатылган анжир суроо-талабы менен алдыңкы орунга чыкса, Францияга 28 миллион доллар, Германияга 27 миллион долларлык анжир экспорттодук",-деди.

 



Тектеш кабарлар