Түркияга круиздик жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, Түркиянын портторундагы круиздик кемелердин жана жүргүнчүлөрдүн санына байланыштуу маалыматтарга баа берди.

2023812
Түркияга круиздик жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө

Түркияда круиздик жүргүнчүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 66 пайызга өстү.

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, Түркиянын портторундагы круиздик кемелердин жана жүргүнчүлөрдүн санына байланыштуу маалыматтарга баа берди.

Туризмде тандалган өлкөлөрдүн арасында Түркиянын да бар экенине көңүл бурган Уралоглу, бул абалдын круиздик кемелер жана жүргүнчүлөрдүн санына да чагылдырылганын белгиледи.

Уралоглу жай мезгилинин башталышы менен өлкөгө келген туристтердин көбөйгөнүн эске салып: «Жай мезгилинде круиздик жүргүнчүлөрдүн саны да өсүүдө. Апрель айында 88 миң 566 болгон круиздик жүргүнчүлөрдүн саны май айында 176 миң 840ка өстү. Июнь айында 183 миң 407 жана июль айында 209 миң 33 жүргүнчү келди. Өткөн жылы май-июнь-июль мезгилинде өлкөбүзгө 341 миң 556 жүргүнчү келсе, круиздик жүргүнчүлөр келип жатса, быйыл ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 66,7 пайызга өсүп, 569 миң 280ге жетти»,-деп билдирген.

Ураоглу круиздик туризмге көп жылдардан бери инвестиция салгандарын баса белгилеп: «Биз өлкөгө ушундай жол менен келген жүргүнчүлөрдүн саны жыл аягында 1 миллиондон ашат деп күтүп жатабыз. Бул сан кийинки жылдары дагы өсөт деп ойлойм»,-деп өз баасын берди.

Министр Уралоглу, круиздик кемелердин көбүнчө Түркиянын эң сүйүктүү туризм борборлору менен Стамбулга токтогондугун айтты.

Уралоглу: «Маанилүү логистикалык борборлордун бири болгон Кушадасы бул порттордун башында турат. Андан кийин Стамбул, Чешме, Бодрум жана Чанаккале порттору турат»,-деди.



Тектеш кабарлар