Түркиянын бал экспорту
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) маалыматына караганда балчылыкка ылайыктуу климатка ээ Түркиянын 6 айлык бал экспорту 5 миң 119 тонна болду.
2013474
Түрк балы жылдын биринчи жарымында 46 өлкөгө экспорттолду.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) маалыматына караганда балчылыкка ылайыктуу климатка ээ Түркиянын 6 айлык бал экспорту 5 миң 119 тонна болду. Бул экспорттон 16 миллион 804 миң 88 доллар киреше алынды.
Аталган мезгилде түрк балы 46 өлкөгө, өзгөчө АКШ, Германия жана Израилге сатылды.
Январь-июнь айларында АКШга 7 миллион 220 миң 617 доллар, Германияга 2 миллион 347 миң 366 доллар жана Израилге 1 миллион 923 миң 859 долларлык бал экспорттолду.
Өткөн жылдын ушул мезгилинен айырмаланып, бул мезгилде бал Сауд Арабия, Хорватия, Венесуэла, Швеция, Өзбекстан жана Камерунга да бал сатылды.