Дүйнөлүк банк Түркиядагы жер титирөөдөн зыян тарткан ишканаларга колдоо көрсөтөт

Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө, «Түркияда жер титирөөдөн кийинки микро, чакан жана орто ишканаларды жакшыртуу долбоорунун» максатынын бул ишканалардын ишинин үзгүлтүксүз болушун камсыз кылуу жана алардын туруктуу өсүшүнө колдоо көрсөтүү экени белгиленди.

2004982
Дүйнөлүк банк Түркиядагы жер титирөөдөн зыян тарткан ишканаларга колдоо көрсөтөт

Дүйнөлүк банк 6-февралда Түркиянын Кахраманмараш облсунда болгон жер титирөөдөн зыян тарткан майда, чакан жана орто ишканалардын жабылышынын алдын алуу жана алардын иш менен камсыз болушуна жардам берүү үчүн 450 миллион долларлык долбоорун жарыялады.

Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө, «Түркияда жер титирөөдөн кийинки майда, чакан жана орто ишканаларды жакшыртуу долбоорунун» максатынын бул ишканалардын ишинин үзгүлтүксүз болушун камсыз кылуу жана алардын туруктуу өсүшүнө колдоо көрсөтүү экени белгиленди.

Билдирүүдө бул долбоор Казына жана Финансы министрлигинин кепилдиги астында Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү жана колдоо башкармалыгы (KOSGEB) тарабынан ишке ашырылаары бөлүшүлгөн.

Билдирүүдө, «Долбоор микро, кичи жана орто ишканалардын ликвиддүүлүк басымын жеңилдетүү, алардын ишин кайра баштоого жардам берүү жана жер титирөөдөн зыян тарткан аймактан чыгып кеткен жумушчуларды кайра кайтаруу же алмаштыруу аркылуу алардын иш менен камсыз болушун жер титирөөгө чейинки деңгээлге акырындык менен жогорулатууга багытталган»,деген сөздөр камтылган.

Долбоордун алкагында, чыгашаларын жабуу үчүн жарамдуу ишканаларга кайтарылган каржылоо берилет.

Натыйжага негизделген кайтарып берүүнү каржылоо «биринчи келген, биринчи алат» негизинде бир жылдык өтүнмөнүн раундунда же каражаттар толугу менен иштетилгенге чейин жеткиликтүү болот.

Аялуу топторду колдоо үчүн жалпы компенсацияланган каржылоо ресурстарынын 10 пайызы жалаң аялдарга таандык же башкарылган ишканаларга бөлүнөт.



Тектеш кабарлар