Ирак Ирандын жаратылыш газы үчүн карызын төлөдү

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA билдиргендей, мунай министринин орун басары жана Улуттук газ компаниясынын башкы директору Мажид Чегени бул кабарды тастыктады.

2004383
Ирак Ирандын жаратылыш газы үчүн карызын төлөдү

Ирактын Иранга болгон жаратылыш газы боюнча карызын толугу менен төлөгөндүгү кабарланды.

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA билдиргендей, мунай министринин орун басары жана Улуттук газ компаниясынын башкы директору Мажид Чегени: «Ирактын электр министрлиги Иранга жаратылыш газын импорттоодон келип чыккан бардык карыздарын төлөдү»,-деди.

Ирактын карызынын түгөнгөнүн белгилеген Чегени, кээде Ирак соода банкы (TBI) аркылуу Иранга акча которууда көйгөйлөрдүн болгонун айтты.

Ирак, АКШнын Тегеранга киргизген бир тараптуу банктык санкцияларынан улам Ирандан электр энергиясын өндүрүү үчүн импорттогон 2,6 миллиард долларлык жаратылыш газ карызын төлөй албаганын түшүндүрдү.

Иран менен АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрү уланып жатканда, 10-июнда АКШнын санкцияларынан улам Ирандын Иракта тоңдурулган мүлктөрүнөн 2 миллиард 700 миллион доллардын бошотулганы кабарланган.



Тектеш кабарлар