Антальяга келген туристтердин саны
Бул тууралуу губернатор Эрсин Языжы социалдык тармактагы баракчасынан бөлүштү.
2004135
Антальяга быйыл аба аркылуу келген турист саны 5 миллион 71 миң 305ке жетти.
Губернатор Эрсин Языжы социалдык тармактагы баракчасындагы бөлүшүүсүндө: «Туризмдин борбору Антальяга кечээки күнгө карата аба жолу менен келген турист саны 5 миллион 71 миң 305 болду»,- деп жазды
Бир тараптан 17-июнда 86 миң 278 чет элдик жүргүнчү менен бул жылдын күнүмдүк рекордун жаңырткан Анталья, 24-июнда 90 миң 853 чет элдик коноктун келиши менен рекордун жаңылады.
Жыл аягына чейин шаарга 16 миллион туристтин келиши күтүлүүдө.