Vodafone 11 миң кишини жумуштан бошотот

Vodafone Европа жана Африкадагы эң мыкты телекоммуникациялык компания болууну максат кылат.

1987207
Vodafone 11 миң кишини жумуштан бошотот

Британияда жайгашкан эл аралык телекоммуникациялык компания Vodafone 3 жылда 11 миң кишини жумуштан алууну пландаганын билдирди.

Компания жарыялаган 2023-каржы жылынын алдын ала жыйынтыгына караганда, быйылкы экономикалык көрсөткүчтөр күтүлгөндөй басаңдайт.

Vodafone'дун эң чоң рыногу болгон Германиядагы кирешелеринин кыскарышы менен Европадагы ишмердүүлүгү таасирленип, ал эми Африкадагы иш-аракеттери өсүүдө.

Vodafone каржылык натыйжалары менен бирге жарыялаган жаңы стратегиясынын алкагында Европа жана Африкадагы эң мыкты телекоммуникациялык компания болууну максат кылып тажрыйбасын жакшыртууга көңүл бурат.

Кардар тажрыйбасына жана брендингге инвестицияны көбөйтүүнү максаттаган компания 3 жылда 11 миң кишини жумуштан бошотот.



Тектеш кабарлар