Кушадасына гигант круиздик кеме келди

Эгей портуна токтогон гигант круиздик кемеден түшкөн көпчүлүгү америкалык туристтердин кээ бирлери Измирдин Селчук районундагы Эфес байыркы шаарын жана Бүбү Мариямдын үйүн зыярат кылышты.

1986242
Кушадасына гигант круиздик кеме келди

Бахама желектүү «Деңиздердин Одиссеясы» аттуу гигант круиздик кемеси 4200 жүргүнчү менен Айдындын Кушадасы районуна быйылкы сезондо алгачкы сапарын жасады.

Эгей портуна токтогон гигант круиздик кемеден түшкөн көпчүлүгү америкалык туристтердин кээ бирлери Измирдин Селчук районундагы Эфес байыркы шаарын жана Бүбү Мариямдын үйүн зыярат кылышты.

Тур программасына катышпай калган туристтер шаардын борборунда соода кылышты.

Эге Порт Кушадасынын башкы директору жана Глобалдык порттор холдингинин Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймактык директору Азиз Гүнгөр, Одиссей кемесинин районго 21 каттам жасай турганын айтты.

Гүнгөр сезон бою дүйнөнүн эң чоң кемелерин тосуп алууну уланта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар