Т-Рекс динозавр скелети аукциондо сатылды

Узундугу 11,6 метр жана бийиктиги 3,9 метр болгон скелет "эң укмуштуудай Т-Рекс скелеттеринин бири" деп мүнөздөлдү.

1977034
Т-Рекс динозавр скелети аукциондо сатылды

Швейцарияда аукционго коюлган Tyrannosaurus Rex (Т-Рекс) динозавр скелети 6,2 миллион долларга сатылды.

Швейцариянын басма сөздө орун алган кабарга караганда, T-Rex динозавр скелети Цюрихтеги Koller аукцион үйү тарабынан Европада биринчи жолу аукционго коюлду. Болжол менен 67 миллион жашындагы динозаврдын скелети 6,2 миллион долларга сатылды.

Узундугу 11,6 метр жана бийиктиги 3,9 метр болгон скелет "эң укмуштуудай Т-Рекс скелеттеринин бири" деп мүнөздөлдү.

Аты аталбаган европалык жеке коллекционер сатып алган скелеттин Европада кала турганы айтылды.

293 өзүнчө сөөктөн турган «293 Trinity» аттуу скелет, 2008-2013-жылдар аралыгында АКШнын Монтана жана Вайоминг штатындагы казуу жерлеринде табылган үч башка Т-Рекс динозаврынын калдыктары бириктирилип түзүлдү.

Аукционго коюлган динозавр скелеттеринин көбү жарым-жартылай калыптанса, 293 Trinityнин жарымынан көбү чыныгы сөөктөр.



Тектеш кабарлар