Дүйнөлүк банктын эскертүүсү

Дүйнөлүк банк «Узак мөөнөттүү өсүштүн төмөндөшү: тенденциялар, перспективалар жана саясаттар» аттуу баяндамасын жарыялады.

1966259
Дүйнөлүк банктын эскертүүсү

Дүйнөлүк банк 2022-2030-жылдар аралыгында дүйнөлүк экономиканын орточо потенциалдык өсүшү 30 жылдагы эң төмөнкү 2,2 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүп жатканын билдирди.

Банк «Узак мөөнөттүү өсүштүн төмөндөшү: тенденциялар, перспективалар жана саясаттар» аттуу баяндамасын жарыялады.

Ковид-19 эпидемиясынан жана Орусия тарабынан Украинада башталган согуштан кийинки узак мөөнөттүү потенциалдуу өсүү темптеринин биринчи комплекстүү баасын камтыган отчетто, глобалдык экономиканын инфляцияга алып келбестен өсө ала турган эң жогорку узак мөөнөттүү катнашынын 2030-жылга чейин 30 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге чейин төмөндөй турганы белгиленди.

Отчетто бул көрсөткүчтөрдү дүйнөлүк экономиканын «тездик чеги» катары кароого боло турганы белгиленди.

Акыркы 30 жылда прогрессти жана гүлдөп-өнүгүүнү бекемдеген экономикалык күчтөрдүн дээрлик бардыгынын алсыраганына көңүл бурулган отчетто, глобалдык экономиканын орточо потенциалдык өсүүсүнүн 2022-2030-жылдар арасында жылына 2,2 пайызга төмөндөшү күтүлгөнү, бул болсо ушул кылымдын биринчи 10 жылындагы көрсөткүчтүн болжол менен үчтөн бирине туура келгени белгиленди.

Отчетто сөз кылынган төмөндөөнүн өнүгүп келе жаткан экономикалар үчүн да бирдей катаал болоору, 2000-2010-жылдар аралыгында жылына 6 пайыздык орточо потенциалдык өсүү темпи ушул 10 жылдын калган бөлүгүндө жылына 4 пайызга төмөндөй турганы белгиленди.

Банктын отчетунда бул төмөндөө дүйнөлүк каржы кризиси же рецессия учурунда бир топ курч болору эскертилген.

Баяндамада транспорт жана энергетика, климатка ылайыктуу айыл чарба жана өндүрүш, топурак жана суу системалары сыяктуу тармактарда климаттын негизги максаттарына ылайык инвестициянын ылдамдатылышы керектиги белгиленди.

Соода чыгымдарынын да азайтылышы керектиги белгиленген отчетто жумушчу күчүнүн катышуусунун арттырылышы жана тейлөө секторунун экономикалык өсүштүн «жаңы кыймылдаткычы» боло ала турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар