Түркиянын Германия экспортунда рекорд

Өткөн айда Түркиядан Германияга 1 миллиард 594 миллион дрлларлык экспорт жасалып, бардык мезгилдердин январь айындагы эң жогорку экспорту ишке ашты.

1949377
Түркиянын Германия экспортунда рекорд

Өткөн айда Түркиядан Германияга 1 миллиард 594 миллион дрлларлык экспорт жасалып, бардык мезгилдердин январь айындагы эң жогорку экспорту ишке ашты.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын Германияга экспорту январь айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 7,7 пайыз өсүү менен Германиянын жалпы экспорттогу үлүшү 8,2 пайыз болду.

Ушундайча Германия Түркия эң көп экспорт кылган өлкө болду.

Германиядан кийин 1 миллиард 4 миллион доллар менен АКШ, 890 миллион 934 миң доллар менен  Британия, 804 миллион 437 миң доллар менен Италия, 790 миллион 350 миң доллар менен Россия турат.

Түркиянын Германияга январь айындагы экспортунда 412 миллион 514 миң долларлык экспорт менен автомобиль өнөр жайы лидерлигин сактады.

Автобиль өнөр жайынан кийин 304 миллион 35 миң доллар менен даяр кийим жана тигүү, 141 миллион 244 миң доллар менен кара жана түстүү металлдар, 128 миллион 193 миң доллар менен химиялык заттар жана буюмдар, 108 миллион 5 миң  доллар менен электр жана электроника сектору келди. 

 



Тектеш кабарлар