Togg акылдуу түзмөк менен интеграцияланган санарип актив капчыгын таанытты
Togg-дүйнөдө биринчи болуп саналган акылдуу түзмөк менен интеграцияланган санарип актив капчыгын иштеп чыкты.
Түркиянын мобилдүүлүк тармагында кызмат кылган глобалдык технология бренди Togg, дүйнөдөгү эң чоң керектөөчү электроника жарманкеси CES 2023тө биринчи жолу акылдуу аппарат менен интеграцияланган санарип актив капчыгын жарыялады.
Тоггдун билдирүүсүнө караганда, Америка Кошмо Штаттарынын Лас-Вегас шаарында өткөн дүйнөнүн эң чоң электроника жарманкеси CES 2023тө келечектеги мобилдүүлүккө болгон көз карашын көрсөткөн Тогг колдонуучулардын мобилдүүлүк тажрыйбасын кийинки деңгээлге алып чыга турган технологиялык өнүмдөрүнүн жарыясын да жасады.
Togg-дүйнөдө биринчи болуп саналган акылдуу түзмөк менен интеграцияланган санарип актив капчыгын иштеп чыкты.
Бул капчык менен колдонуучулар жүрүп баратканда санариптик активдерине жетүү, аларды коопсуз сактоо жана өткөрүп берүү менен катар чексиз сандагы колдонуу учурларына ээ болушат.
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.