Түркиянын Германияга экспорту көбөйдү

Өткөн жылы 4 миллиард 390 миллион доллар менен Германияга эң көп экспортту автоунаа өнөр жайы жасады.

1929536
Түркиянын Германияга экспорту көбөйдү

Түркиянын Германияга экспорту өткөн жылы 18 миллиард 910 миллион доллар менен тарыхтын эң жогорку чегине жетти.

Өткөн жылы 4 миллиард 390 миллион доллар менен Германияга эң көп экспортту автоунаа өнөр жайы жасады.

Автоунаа өнөр жайынан кийин 3 миллиард 635 миллион доллар менен даяр кийим жана тигүү, 2 миллиард 11 миллион доллар менен кара жана түстүү металлдар, 1 миллиард 362 миллион доллар менен электр энергиясы жана электроника, 1 миллиард 309 доллар менен химиялык заттар жана буюмдар орун алды.

Кара жана түстүү металлдар сектору 414 миллион 677 миң доллар менен баалуулук негизинде Германияга экспортто эң чоң өсүштү жасады.

Бул сектордон кийин 224 миллион 723 миң доллар менен автоунаа өнөр жайы, 172 миллион 136 миң доллар менен даяр кийим-кече жана тигүү, 140 миллион 873 миң доллар менен болот өнөр жайы, 88 миллион 788 миң доллар менен химиялык заттар жана өнүмдөрү ээледи.

Болот өнөр жайы өткөн жылы өлкөгө 903 миллион 517 миң доллар экспортту ишке ашырган.

 



Тектеш кабарлар