Түрк балы 59 өлкөгө экспорттолду

Өткөн жылы эң көп бал экспорттолгон 3 өлкө АКШ, Испания жана Германия болду.

1929340
Түрк балы 59 өлкөгө экспорттолду

Өткөн жылы Түркиядан Америка Кошмо Штаттары  баш болгон 59 өлкөгө 45 миллион 984 миң 609 долларлык бал экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин  маалыматына караганда, 2022-жылы Түркиядан 17 миң 161 тонна бал экспорттолду.

Экспорттон 45 миллион 984 миң 609 доллар киреше алынды.

2021-жылы өлкөдөн 9 миң 870 тонна бал экспорттолуп, 30 миллион 482 миң 416 доллар валюта агымын камсыз кылган.

Бул мезгилдерге карата бал экспорту сумма боюнча 74 пайызга, нарк боюнча 51 пайызга өстү.

Өткөн жылы эң көп бал экспорттолгон 3 өлкө АКШ, Испания жана Германия болду.



Тектеш кабарлар