Антальяга быйыл круиздик кемелер менен 30 миңден ашуун жүргүнчү келди
Быйыл Анталья портуна дүйнөнүн көптөгөн жеринен ири круиздик кемелер келди.
Анталья порту быйыл круиздик кемелер менен келген 30 миңден ашуун жүргүнчүнү тосуп алды.
QTerminals Антальянын билдирүүсүнө караганда, быйыл Анталья портуна дүйнөнүн көптөгөн жеринен ири круиздик кемелер келди.
Сезон бою Emerald Azzura, Spirit of Adventure, Blue Sapphire, Club Med 2, Riviera, Seven Seas Explorer, Mein Schiff 6 жана Mein Schiff 5, The World сыяктуу люкс кемелерди кабыл алган порт, сезонду Silver Spirit менен жапты. Сезон бою бул круиздер менен портко келген жүргүнчүлөрдүн саны 30 миң 641ге жетти.
Билдирүүдө көз караштары орун алган QTerminals Антальянын башкы директору Өзгүр Серт, порттун жогорку сыйымдуулугу менен Жер Ортолук деңизинде ички жана тышкы туризм жагынан маанилүү роль ойногонун белгиледи.
Былтыр дүйнөлүк пандемиядан улам 4 рейс менен келген 1413 жүргүнчүнү коноктогондорун эске салган Серт, быйыл портко 26 саякат жасалганын билдирди.
Келээрки сезон үчүн дагы да үмүттүү экендиктерин баса белгилеген Серт, 2023-жылдын круиз сезону үчүн азыртадан көптөгөн брондоолорду алгандарын айтты.
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.