Фатих Дөнмез Алексей Миллер менен жолугушту

Билдирүүдө «Орус газы Түркияга «Көгүлтүр агым» жана «Түрк агымы» түтүктөрү аркылуу ишенимдүү жеткирилүүдө»,- деп айтылды.

1892058
Фатих Дөнмез Алексей Миллер менен жолугушту

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Орусиянын энергетика компаниясы Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушту.

Газпромдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Дөнмез менен Миллердин Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн «Орус энергетика жумалыгынын» алкагында жолугушкандары белгиленди.

Билдирүүдө «Орус газы Түркияга «Көгүлтүр агым» жана «Түрк агымы» түтүктөрү аркылуу ишенимдүү жеткирилүүдө»,- деп айтылды.

Бир тараптан Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) чек арасында орус жаратылыш газын ташуу үчүн газ бөлүштүрүү борборун курууну сүйлөшө тургандарын белгиледи.

Орус энергетика жумалыгынын пленардык жыйынында сөз сүйлөгөн Миллер: «Газпром жаңы газ өткөрүүчү объектилерди курууга техникалык жактан даяр. Ал эми бөлүштүрүү борборун түзүүгө келсек, биз албетте Евробиримдик менен Түркиянын чек арасында газ соода аймагын түзүү маселесин карашыбыз керек»,- деди.

 



Тектеш кабарлар