Түркиянын Германияга экспорту рекорддук деңгээлде
Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда Түркиянын Германияга экспорту жылдын 9 айында 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 пайызга өстү.
1890355
Түркиянын Германияга экспорту 14 миллиард 258 миллион доллар менен январь-сентябрь айларынын эң жогорку көрсөткүчүнө жетти.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда Түркиянын Германияга экспорту жылдын 9 айында 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 пайызга өстү.
Түркиянын экспортундагы Германиянын үлүшү 10,2 пайыз болду.
Германиядан кийин 10 миллиард 891 миллион доллар менен АКШ, 9 миллиард 270 миллион доллар менен Улуу Британия, 8 миллиард 404 миллион доллар менен Италия жана 7,5 миллиард доллар менен Ирак болду.
Жылдын 9 айында эң көп экспортту 3 миллиард 231 миллион доллар менен Германияга автомобиль өнөр жайы жасады.