G7нин орус мунай билдирүүсү, АКШдан Орусияга жаңы санкциялар...

Америка Кошмо Штаттарында Ак үй Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катышуусунда өткөн Чоң жетиликтин лидерлеринин онлайн саммитинен кийин жазуу түрүндөгү билдирүү жасап, Украина согушунан улам Орусияга карата жаңы санкцияларды жарыялады.

1823875
G7нин орус мунай билдирүүсү, АКШдан Орусияга жаңы санкциялар...

Экономикасы эң өнүккөн 7 өлкө (G7) Орусиядан мунай экспортун акырындык менен токтоторун же толугу менен кыскарта турганын жарыялашты.

Америка Кошмо Штаттарында Ак үй Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катышуусунда өткөн Чоң жетиликтин лидерлеринин онлайн саммитинен кийин жазуу түрүндөгү билдирүү жасап, Украина согушунан улам Орусияга карата жаңы санкцияларды жарыялады.

Лидерлердин Украинаны сүйлөшүү үстөлүндө жана аянтта колдоону уланта турганы белгиленген билдирүүдө, Орусияга ушул убакка чейин киргизилген санкциялардын бул өлкөнүн акыркы 15 жылда жетишкен ийгиликтерин жок кылганы белгиленди.

АКШ, Европа Биримдиги (ЕБ) жана G7 өлкөлөрүнүн Орусияга каршы жаңы санкциялар пакети боюнча макулдашкандарына көңүл бурулган билдирүүдө АКШнын Орусиянын эң чоң банктарынын бири болгон Сбербанктын 8 башкаруучу жана Газпромбанктын 27 башкаруучусу, ошондой эле орус мамлекетинин толугу менен же жарым-жартылай өз көзөмөлүндө болгон 3 телеканалга санкция киргизери белгиленди.

Аталган сыналгылар Биринчи канал Россия, Россия-1 жана НТВ телерадиокомпаниясы экени маалымдалган.

Башка жагынан алганда, Америка башкаруучулугунун да америкалыктардын Орусияга байланыштуу адамдарга эсеп, кредит, компания башкаруу же башкаруу кеңештерин берүүсүнө тыюу салып, орус элитасына зыян келтире турганы кабарланды.

АКШнын Орусиядан мунай импортуна буга чейин тыюу салганы эске салынган билдирүүдө, Чоң жетилик өлкөлөрүнүн да Орусиядан мунай импортун акырындык менен токтотушу же толугу менен тыюу сала турганы белгиленди.

Ошондой эле АКШ Орусиядан жыгач материалдары, өнөр жай моторлору, желдеткичтер, желдеткич жабдуулары жана дозер сыяктуу продукциялардын импортуна жаңы чектөөлөрдү киргизе турганы жана орусиялык аскер кызматкерлерине виза чектөөсүн киргизе турганы айтылды.



Тектеш кабарлар