Түркия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу соода көлөмүндө рекорд

2021-жыл Түркиянын экспорту рекорддорду жаңырткан жыл болду.

1777222
Түркия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу соода көлөмүндө рекорд

Түркия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу соода көлөмү өткөн жылы 28 миллиард доллар менен рекорддук деңгээлге жетти.

2021-жыл Түркиянын экспорту рекорддорду жаңырткан жыл болду.

Ишке ашырылган экспортто алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирген АКШ да Түркиянын тышкы соодасында тарыхый ийгиликтерге жетишкен рыноктордун арасында орун алды. Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШнын түрк продукцияларына болгон суроо-талаптары да көңүлдөрдү бурган жагдай болду.

АКШнын Эл каттоо бюросунун маалыматына караганда, Түркия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу соода көлөмү өткөн жылы 28 миллиард доллар менен рекорддук деңгээлге жетти. Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өсүшү 30 пайыздан ашты.

Түркиянын АКШга экспорту өткөн жылы 2020-жылга салыштырмалуу 44,6 пайызга өссө, АКШнын Түркияга экспорту 19,1 пайызга жогорулады.



Тектеш кабарлар