Жапон фирмасы Түркияга жаңы инвестиция салат

Nikkei Asia гезитинде орун алган кабарга караганда, учурда Түркияда кондиционер тетиктерин чыгарган Kaga Electronics жаңы фабрикасында басма схемаларын чыгарат жана кардарлардын суроо-талабына жараша тетиктерди чогултат.

1753014
Жапон фирмасы Түркияга жаңы инвестиция салат

Жапониянын электрондук тетик өндүрүүчүсү Kaga Electronics фирмасы стратегиялык жайгашкан жери менен айырмаланган Түркияда жаңы завод курат.

Nikkei Asia гезитинде орун алган кабарга караганда, учурда Түркияда кондиционер тетиктерин чыгарган Kaga Electronics жаңы фабрикасында басма схемаларын чыгарат жана кардарлардын суроо-талабына жараша тетиктерди чогултат.

Жаңы объект 2022-жылы ишке берилип, учурдагы объект менен бириктирилиши күтүлүүдө.

Кага Түркиянын стратегиялык абалынан пайдаланып Жакынкы Чыгыш жана Европадан келген заказдарды көбөйтүүнү максат кылууда. Ошентип, компания өз өндүрүшүн жеткирүү чынжырынын үзгүлтүккө учурашы коркунучка айланып бараткан Азиядан башка жакка жылдырууну көздөйт.

Компаниянын булактарынын айтымында, инвестиция миллиондогон долларды түзөт жана өндүрүштүк кубаттуулук акырындык менен жогорулайт.

Түркия Жакынкы Чыгыш жана Европа рыногун тейлеген көптөгөн өндүрүүчүлөрдүн мекени болгондуктан, компания жаңы өндүрүш базасынан пайдаланып, унаа тетиктерине да буйрутмаларды алууну үмүт кылууда.



Тектеш кабарлар