Антальяга келген туристтердин саны 9 миллиондон ашты

Антальяга келген туристтердин саны өсүүдө.

1751142
Антальяга келген туристтердин саны 9 миллиондон ашты

Антальяга быйыл аба аркылуу келген туристтердин саны 9 миллиондон ашканы маалым болду.

Губернатордуктун билдирүүсүндө, деңизи, куму жана күнү менен катар тарыхый жана табигый кооздуктарынан улам Жер Ортолук деңизинин эң маанилүү туризм борборлорунун бири болгон Антальяга келген туристтердин саны өсүүдө.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам өткөн жылды 3,5 миллион турист менен жапкан Антальяда эмдөө иштери, Коопсуз туризм сертификаты жана мекемелердеги катуу чаралардын өз жемишин берүүнү улантканы баса белгиленген билдирүүдө: «2021-жылдын 1-январынан 21-декабрына чейин шаарга аба жолу менен келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 164 пайызга өсүп 9 миллион 2 миң 217ге жетти. Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилинде болсо Антальяга келген туристтердин саны 3 миллион 410 миң 44 болгон. Антальяга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында быйыл Орусия биринчи, андан кийин Украина, Германия жана Польша турат»,-деп маалымдалды.



Тектеш кабарлар