Ирандын крипто акчасы кыска убакыттын ичинде базарга чыгат

Ирандык Студенттер маалымат агенттигинин (ISNA) кабарына караганда борбор шаар Тегеранда өткөн жыйында сөз сүйлөгөн Абади, Ирандын крипто акчасы тууралуу маалымат берди.

1746659
Ирандын крипто акчасы кыска убакыттын ичинде базарга чыгат

Ирандын Борбордук банкынын төрагасы Али Салих Абади жакында анын өлкөсүнүн криптовалютасынын сыноо версиясы рынокко чыга турганын билдирди.

Ирандык Студенттер маалымат агенттигинин (ISNA) кабарына караганда борбор шаар Тегеранда өткөн жыйында сөз сүйлөгөн Абади, Ирандын крипто акчасы тууралуу маалымат берди.

Салих Абади: «Улуттук крипто акча Борбордук банктын күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири. Крипто акчага байланыштуу инфраструктура даярдалып, керектүү көрсөтмөлөр берилет. Сынамык версиясы жакын арада базарларда орун алат»,-деп айтты.

Салих Абади Ирандын бөгөттөлгөн акчаларынын бошотулушуна байланыштуу маанилүү кадамдардын ташталганын белгилеп, валюта курсун башкарууда күчтүүрөөк экенин айтты.

Ирандын арзандатылган электр тарифтеринен улам Кытай, Орусия, АКШ, Казакстан, Канада жана Исландия менен бирге дүйнөдө эң көп крипто акча өндүргөн 7 өлкөнүн бири экени белгиленди.



Тектеш кабарлар