G20 лидерлери трансулуттук корпорациялар үчүн эң аз салык боюнча глобалдык келишимин бекитти

Италиянын борбор шаары Римде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине катышкан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) казына министри Жанет Йеллен жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыяады.

1726992
G20 лидерлери трансулуттук корпорациялар үчүн эң аз салык боюнча глобалдык келишимин бекитти

Дүйнөнүн эң ири 20 экономикасынын (G20) лидерлери Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун (OECD) трансулуттук корпорациялар үчүн эң аз салык боюнча глобалдык келишимин бекитти.

Италиянын борбор шаары Римде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине катышкан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) казына министри Жанет Йеллен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин OECDнин көп улуттуу компаниялары бар өлкөлөрдө 2023-жылдан тарта эң аз 15 пайызды түзгөн салык салуу боюнча 136 өлкө кабыл алган келишимди жактырышканын билдирди.

Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин «глобалдык минималдуу салыкты камтыган жаңы эл аралык салык эрежелери боюнча тарыхый келишимди» бекиткенин белгилеген Йеллен, минималдуу салыктын бекитилишинин америкалык фирмалар жана алардын кызматкерлери үчүн «пайдасы» болорун айтты.

Йеллен: «Бул келишим дүйнөлүк экономиканы америкалык ишкерлер жана жумушчулар үчүн кирешелүү жерге айлантат»,-деген баасын берди.

8-октябрда OECD дүйнөлүк ички дүң продуктунун (ИДП) 90 пайыздан ашыгын түзгөн АКШ, Кытай, Германия, Франция, Англия, Жапония жана Түркия сыяктуу 136 өлкөнүн эл аралык салык реформасы боюнча келишимге кол койду.

Келишим; Ал глобалдык компанияларга, анын ичинде Google, Amazon, Microsoft жана Facebook сыяктуу интернет компанияларына 2023-жылдан баштап 15 пайыздан кем эмес салык ченемин киргизүүнү камсыздайт.

Келишим көп улуттуу компаниялардын башкы кеңселерин Ирландия жана Венгрия сыяктуу жагымдуу салык ченемин сунуштаган өлкөлөрдө ачуу менен салыктан качуусун кыйындатат деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар