Россиянын дагы 13 шаарынан Түркияга каттамдар башталат

Россиянын Федералдык аба транспорту агенттиги (Росавиация) жасаган билдирүүдө, «Россиянын Түркияга пландуу жана чартердик каттамдары менен учууга боло турган шаарлардын саны көбөйтүлдү.

1670261
Россиянын дагы 13 шаарынан Түркияга каттамдар башталат

Россиянын дагы 13 шаарынан Түркияга учуу 12-июлдан тарта башталат.

Россиянын Федералдык аба транспорту агенттиги (Росавиация) жасаган билдирүүдө, «Россиянын Түркияга пландуу жана чартердик каттамдары менен учууга боло турган шаарлардын саны көбөйтүлдү. Россиялык жана түркиялык авиакомпаниялар 12-июлдан тарта Орусиянын 45 эл аралык аэропортунан уча алышат»,деген маалыматтар камтылган.

Бул каттамдар Орусиянын Барнаул, Белгород, Волгоград, Воронеж шаарларынан, жана ошондой эле Калуга, Краснодар, Липецк, Нальчик, Оренбург, Саратов, Сочи, Тюмень, Южно-Сахалинск шаарларынан учуулары мүмкүн экени айтылган билдирүүдө, учуулар Измирге ушул эле күнү башталат.

Россия коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында, 15-апрелде кабыл алынган чечим менен Түркия менен учууларды чектеген болчу.

Россиядан келген делегация 16 жана 17-июнь күндөрү Анталияга барып, Ковид-19 чаралары жөнүндө маалымат алышты.

Россиянын премьер-министринин орун басары Татьяна Голикова 18-июнда Түркияга бардык авиакаттамдарды 22-июндан баштап кайра баштоо чечимин кабыл алгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар