Пикассога таандык деп божомолдонгон картина сатылды

"Le Tricorne" аттуу картинанын ишемби күнү сатылгандыгы ырасталды.

1668690
Пикассога таандык деп божомолдонгон картина сатылды

Испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассого таандык композиттик сүрөт АКШнын Мэн штатындагы үйдө 50 жыл бою шкафта тургандан кийин сатылды. Сүрөттүн сатуу баасы 150 миң доллар экени белгилүү болду.

АКШдагы жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, Массачусетсте жайгашкан John McInnis Auctioneers галереясы "Le Tricorne" аттуу картинанын ишемби күнү сатылгандыгын ырастады.

Онлайн аукцион аянтчаларынын бири "liveauctioneers.com" сайты сүрөттүн сатуу баасы 150 миң долларды түзгөнүн, андан тышкары сатып алуучуга сүрөттүн баасынын 24 пайызын төлөгөндүгүн билдирди.

Сатып алуучунун жана сатуучунун аты-жөнү айтылган жок. Сатуучунун чоң апасынан атасына калган сүрөттүн үйдүн шкафынан табылгандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар