Россиялык туристтер Түркиядан баш тарткан жок

Дмитрий Горин борбор шаар Москвада маалымат берди.

1645908
Россиялык туристтер Түркиядан баш тарткан жок

Россиялык туристтердин 60 пайыздан ашыгы каттамдарга чектөө коюлгандыгына карабастан Түркияга эс алууларын жокко чыгарган жок.

Россиянын туроператорлор ассоциациясынын (ATOR) төрагасынын орун басары Дмитрий Горин борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Санариптик Авиация жана Саякат Форумундагы сөзүндө, 15-апрелден 1-июнга чейин Түркия менен Россиянын ортосунда чектелген аба каттамдарына байланыштуу баа берди.

Бул мезгилде каттамдардын чектелгендигине байланыштуу болжол менен 500 миң туристтин Түркияга бара албагандыгын белгилеген Горин: «Биздин изилдөөгө караганда, россиялык туристтердин 60 пайыздан ашыгы Түркияга эс алуусун жокко чыгарбай, кийинкиге жылдырышты. 18 пайызы башка өлкөлөрдө, 15 пайызы Россияда эс алышты»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар