Антальяга 4 айда 129 өлкөдөн турист келди
Коопсуз жана сапаттуу туризм кызматтарын көрсөткөн Анталья пандемия учурунда туристтердин эң биринчи тандоосу болду.
Антальяга жылдын биринчи төрт айында 129 өлкөдөн туристтер келишти.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында коопсуз жана сапаттуу туризм кызматтарын көрсөткөн Анталья пандемия учурунда туристтердин эң биринчи тандоосу болду.
Табигый кооздуктары жана тарыхый имараттары менен көзгө урунган шаарга келген туристтер деңизден, кумдан жана күндөн тышкары, шаардын жергиликтүү тамак-аштары жана маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн табышууда. Бардык мүмкүнчүлүктөрү бар кымбат мейманканалардан тышкары коноктор вилла жана кербен туризмине кызыгып жатышат.
Пандемияга карабастан өткөн жылы болжол менен 3,5 миллион туристти кабыл алган Антальяны январь-апрель мезгилинде 129 өлкөдөн 445 миң 671 турист зыярат кылды.
Антальяга Россиядан 296 миң 131, Германиядан 39 миң 485, Украинадан 30 миң 409, Казакстандан 12 миң 908, Польшадан 8 миң 490, Ирандан 5 миң 869, АКШдан 485 турист келди.
Тектеш кабарлар
Түрк лососунун экспорту өстү
Саффет Калёнжу, аймактан 19 өлкөгө 8 миң 633 тонна түрк лосось балыгы экспорттолгондугун айтты.