Түркиядан Кыргызстанга дагы чай экспорттолууда

Түркиянын чай экспорту тууралуу Чыгыш Кара Деңиз Экспортчулар ассоциациясы маалымат бөлүштү.

1601742
Түркиядан Кыргызстанга дагы чай экспорттолууда

 

Түрк чайынын экспорту жылдын алгачкы эки айында 3 миллион 133 миң долларды түздү.

Чыгыш Кара Деңиз Экспортчулар ассоциациясынын (DKİB) маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-февраль айларында 725 өлкөгө 785 тонна чай экспорттолгон. Аталган экспорттон 3 миллион 133 миң 816 доллар киреше алынды.

Чай эң көп экспорттолгон өлкөлөр Бельгия, Германия жана АКШ болду. Түркиядан Бельгияга жылдын алгачкы эки айында 1 миллион 308 миң 677 доллар, Германия 300 миң 244 доллар жана АКШга 233 миң 972 долларга чай сатылды.

Былтыркыдан айырмаланып, Австрия, Ливан, Румыния, Кыргызстан, Уганда, Монголия, Алжир, Хорватия, Египет, Габон, Жаңы Зеландия, Либерия, Бахрейн, Парагвай, Бенин, Филиппин, Багамалар, Мавритания, Панама, Испания, Сербия жана Сенегалга да ушул мезгилде чай жиберилген.



Тектеш кабарлар