Жылдын биринчи G20 жыйыны
Чоң жыйырманын каржы министрлеринин жана Борбордук банк башчыларынын жыйыны болду.
Казына жана каржы министри Лүтфи Элван, G-20нын каржы министрлеринин жана Борбордук банк башчыларынын жыйынында коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүнө басым жасалгандыгын билдирди.
Элван онлайн режиминде өткөрүлгөн жылдын биринчи G20 жыйыны жөнүндө Твиттердеги баракчасынан G20Italy хэштеги менен төмөнкүлөрдү бөлүштү:
«Биз пандемияга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледик. Дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү үчүн жасала турчу кадамдарды талкууладык. Өлкөлөрдүн ортосундагы өнүгүүнүн айырмачылыктарын азайтууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү көрсөттүк».
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.